Президент коррупцияга каршы аракеттенүүдө колдо бар ресурстардын баарын колдонуу зарылдыгын айтты
Президент Сооронбай Жээнбеков Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовду кабыл алды. Бул тууралуу президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.
Башкы прокурор 2018-жылдын 8-февралындагы Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин аткарылышы, 2018-жылдын 17-майындагы Кыргыз Республикасынын Сот реформасы боюнча кеңешинин чечимдерин жана Кыргыз Республикасынын Президентинин «Жүргүзүлүп жаткан соттук реформанын алкагында кабыл алынуучу айрым чаралар жөнүндө» 2018-жылдын 22-майындагы Жарлыгын аткаруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.
Президент Сооронбай Жээнбеков прокуратура органдары коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ишти улантууга тийиш экенин жана максатка жетүү үчүн колдо бар ресурстардын баарын колдонуу зарылдыгын баса белгиледи.
Мамлекет башчысы жакында кол коюлган документтердин – Сот реформасы боюнча кеңештин чечимин жана соттук-укуктук реформаны ыкчамдатууга багытталган Президенттин Жарлыгын аткарууга өзгөчө көңүл бурду.
«Башкы прокуратуранын кызматкерлери коорупцияга каршы күрөштүн башында туруп, аны ооздукташы керек», - деп баса белгиледи Президент.
Өткүрбек Жамшитов Башкы прокуратура тарабынан бир нече жумушчу топтор түзүлүп, аларга коюлган милдеттерди аткарууга байланыштуу маселелерди иштеп чыгуу тапшырылганын кабарлады.
Президент коррупцияга каршы аракеттенүүдө колдо бар ресурстардын баарын колдонуу зарылдыгын айтты
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
Популярдуу
Маанилүү
Выбранная дата: